“Кокондук   жана Бүргөндү айылынын тургундарынын бала бакчалардын жетишсиздигине байланыштуу жаңы заманбап бала бакча куруп берүү жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезексиз XXVI сессиясы 

 

  Жаңы-Арык айылы                       14 Т О К Т О М У                     7-февраль  2024-жыл 

“Кокондук   жана Бүргөндү айылынын тургундарынын бала бакчалардын жетишсиздигине байланыштуу жаңы заманбап бала бакча куруп берүү жөнүндө” 

Кокондук жана Бүргөндү айылындагы мектепке чейинки балдардын саны өсүп бала бакчага болгон айыл тургундарынын балдарын киргизүүдө бош орундар болбой кыйналып жаткандыгына байланыштуу айыл тургундарынын бала бакча үчүн жер ажыратып берүү жанат архитектуралык шарттарын жасап берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын  кезексиз  XXVI - сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. Кокондук жана Бүргөндү айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын. 
  1. Кокондук жана Бүргөндү айылындагы мектепке чейинки балдардын саны өсүп бала бакчага болгон айыл тургундарынын балдарын киргизүүдө бош орундар болбой кыйналып жаткандыгына байланыштуу айыл тургундарынын бала бакча үчүн жер ажыратып берүү жана архитектуралык шарттары жасап берилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин. 
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.

 Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                             А. Кубатбеков