Манас шаарындагы 12 мечит казыяттын балансына өткөрүлүп берилди
Аймактык-территориалдык реформадан кийин Манас шаарынын аймагында ишмердүүлүгүн алып барган 12 мечит казыяттын балансына өткөрүлүп берилди. Ага 13-апрелде Манас шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XXV сессиясында эл өкүлдөрү макулдук беришти. Ага Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу баштаган эл өкүлдөрү, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, мекеме–ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Маалым болгондой, 2023-2024-жылдары ишке ашкан аймактык-территориалдык реформада 12 мечит шаар аймагына кошулган. Адистер мечиттердин тиешелүү документтерин карап, толуктап облустук казыяттын балансына өткөрүп беришти.
Эске салсак, АТРдин алкагында Сузак районунун ошол кездеги Жалал-Абад шаарына жанаша жайгашкан Ырыс, Барпы жана Таш-Булак айыл аймактарынан жалпы 27 миңден ашык мүлк шаар аймагына кошулган.