Манаста «Адамдык асылдыкка чакырган жол- Унгужол» аталышындагы иш-чара болуп өттү

Манаста  «Адамдык асылдыкка чакырган жол- Унгужол» аталышындагы иш-чара болуп өттү
Ага Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраим, коомдук, мамлекеттик ишмер, белгилүү серепчи Кадыр Кошалиев, Жалал-Абад Мамлекеттик универиситетинин профессору Кубанычбек Калчакеев, К.Ш.Токтомаматов универиситетинин доценти Жеңишбек Дүйшеев жана шаар тургундары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө “Улуттук дем”, “Дүйнөлүк бийиктик”, ошондой эле “үңгу жол” багыттары боюнча атайын докладдар окулуп, катышуучуларга кеңири маалымат берилди.
Анда улуттук баалуулуктарды сактоо, тарыхый мурастарды коргоо, заманбап компетенцияларга ээ болгон коомду калыптандыруу, дүйнөлүк билим жана инновациялык багыттарды өздөштүрүү сыяктуу негизги элементтер талдоого алынды.