Нияз Джумагулов Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматынын башчысы болуп дайындалды

Нияз Джумагулов Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматынын башчысы болуп дайындалды
Жалал-Абад ОИИБде жаңы дайындалган бөлүм башчы өздүк курамга тааныштырылды
ИИМдин буйругунун негизинде Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматынын башчысы болуп, милициянын подполковниги Нияз Джумагулов дайындалып, ал өздүк курамга тааныштырылды.
Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов, жаӊы дайындалган бөлүм башчынын иштерине ийгиликтерди каалап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыздоодо талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.
Нияз Джумагулов буга чейин ИИМдин тергөө кызматында жана башка жооптуу кызматтарда кызмат өтөп келген.