Ноокатта өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу иштери уланып жатат

Ноокатта өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу иштери уланып жатат

Ош облусунун Ноокат районундагы  Кулатов айыл өкмөтүндө катталган өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу иштери бул күнү да уланууда. Мындай маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтары,Элдик кошуун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары, Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу мекемесин оор инженердик техникалары тартылып, Көк-Жар -Абшыр-Ата унаа жолунда жайгашкан ички чарбалык көпүрөлөрдү, жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

 Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоо жана калыбына келтирүү жумуштарыды көзөмөлгө алууда – деп айтылат маалыматта.