Сүт заводдун ачылыш каадасы

Сүт заводдун ачылыш каадасы
Сүрөттөр Токтогул администрациясынын ФБ баракчасынан алынды

Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылындагы Чийлүү-Колот кыштагында сүт завод курулуп бүтүп,анын ачылышы болду. Бул туурасында жергиликтүү журналист Исабек Токтогулов кабарлады. Ал маалымдагандай сүт завод заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө каймак, май, сүт, йогурт, сыр-быштак жана булмуздак азык-түлүктөрүн даярдап чыгарып, Токтогул району, Кара-Көл шаарынын жашоочуларын сүт-азыктары менен камсыз кылып турушат.

         Сүт завод “Ля Вуа Лакте” сүттү кайра иштетүү заводу болуп ачылды. Ачылышка Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов, USAID “Агросоода” долбоорунун жетекчиси Ая Касси айым катышты. Ачылыш каадасына райондогу мамлекеттик ишкана-мекемелердин жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү жана ишкерлер чакырылган.

         Ачылыш каадасына чакырылган иш-чаранын катышуучулары “Ля Вуа Лакте” сүттү кайра иштетүү заводдун жеке ишкери Калыйнур Сатаровго ыраазылыктарын билдиришип, ишине ийгиликтерди каалашты.

"Акыйкат"