Селден бузулган жолдор оңдолууда
Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагына караштуу Авлетим токой чарбасынын Итагар токойчулугуна караштуу Итагар жайлоосуна кеткен жолдор менен көпүрөлөр июнь айынын башында катуу жааган жамгырдан улам болгон селдин кедергиси тийип бузулган болчу. Учурда жабыркаган жолдор менен көпүрөлөр кайра калыбына келтирилип, андан каттагандар, жайлоого чыккандар үчүн кайрадан шарт жаралууда. Оңдоо иштерин токойчулар колго алып, 17 чакырым жолдун 3 чакырымындагы сел алган жерлер калыбына келтирилүүдө. Бул ишке Замирбек Батырбеков жетектеген токойчулар кубаттуу 2 техника, 10дон ашык адам чыгып бузулган жолдор жана сел алган 3 көпүрө калыбына келтирилди.
Абдымомун Калбаев, "Акыйкат"