Сузакта 15 жаштагы өгөй кызын зордуктады деген шек менен 43 жаштагы киши кармалды

Облустук милициянын маалыматында 2025-жылдын 16-апрель күнү Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБне, райондун балдарды социалдык жактан коргоо башкармалыгынын адиси 1990-жылы туулган С.Ж. арыз менен кайрылган. Анда 1982-жылы туулган С.Т. аттуу жаран көп убакыттан бери жашы жете элек 2009-жылы туулган А.А. аттуу өгөй кызына карата физикалык зомбулук көрсөтүп, зордуктап жыныстык катнашка барганын жана окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Мал базар көчөсүндө болгонун билдирген.
Аталган маалымат Ысык-Ата РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, 2009-жылы туулган А.А. карата соттук-медициналык, соттук-психологиялык экспертизалар дайындалып, топтолгон материалдар аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБне жиберилген.
2025-жылдын 19-апрель күнү Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 21-апрель күнү козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш- аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалып, Сузак райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
шектүүнүн сүрөтү