Бишкек-Ош унаа жолунда 2 унаа кагышып, 1 адам каза болду
Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 54 жаштагы жүргүнчү каза болду. Окуя кечээ 13-май күнү кечки саат 21лер чамасында автожолдун 435 чакырымында, тагырагы Таш-Көмүр шаарынын Разан-Сай тилкесинде орун алганын күбөлөр Турмуш басылмасына билдирди.
Анда Бишкек багытында башкарып бара жаткан Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган тургуну М. у. Б өзүнө тандык болгон “КИЯ К5” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош облусунун 1988-жылы туулган Б.К.Ж өзүнө тандык болгон “КИЯ Соренто” үлгүсүндөгү автоунаасын Ош багытында башкарып бара жатып эки автоунаа жолдун ортосундагы чийинде бетме-бет сүзүшүп жол кырсыгына кабылып натыйжада “КИЯ Соренто” үлгүсүндөгү автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан 1972-ж.т. У.Г.Т окуя болгон жерде каза болгон.
Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы да ырастады.