Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад облустук балдар клиникалык ооруканасына барып, мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү жана бейтаптарга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар менен жеринен таанышты.
Учурда оорукана күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Мекеме 160 орунга ылайыкталганына карабастан, азыркы тапта 268 бейтап дарыланууда. Ооруканада 52 дарыгер эмгектенип жатса, дагы 13 адиске муктаждык бар. Алардын басымдуу бөлүгүн педиатрлар түзөт.
Облус башчысы ооруканада дарыланып жаткан балдардын энелери менен да баарлашып, түзүлгөн шарттар, ошондой эле орун алган көйгөйлөр тууралуу пикирлерин укту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Тилек Текебаев медицина кызматкерлерине күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, имараттагы шарттарды жакшыртуу, желдетүү системаларындагы айрым кемчиликтерди жоюу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле сасык тумоонун алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл экенин баса белгиледи.