Ушул жылдын 14–15-март күндөрү Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен алгачкы жолу, облус башчысынын мектеп окуучуларынын арасындагы предметтик олимпиада өткөрүлгөн.
Бүгүн аталган олимпиаданын алкагында биринчи орунду багындырган 6 окуучуга бир катар сыйлыктар тапшырылды. Атап айтканда, “Евразия Кыргызстан” коомдук фонду тарабынан жеңүүчүлөргө Россия Федерациясындагы “Артек” эл аралык балдар борборунда өтүүчү билим берүү программасына катышуу үчүн сертификаттар ыйгарылды. Ошондой эле “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан окуу акыларына пайыздык жеңилдиктер берилди. Мындан тышкары, Манас шаарындагы “Доктор Элдияр” тиш дарылоо клиникасы тарабынан окуучуларга 100 пайыз акысыз тиш дарылоо сертификаттары тапшырылды.
Сыйлоо аземине облус башчысы Тилек Текебаев катышып, окуучуларды куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанарын билдирди. Ал өз сөзүндө берилген мындай мүмкүнчүлүктөр жаштардын билимге болгон умтулуусун арттырып, талыкпай билим алуусуна жана жаңы ийгиликтерди жаратуусуна чоң түрткү болорун белгилеп, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.
Билим таймашына облус боюнча бардык райондук жана шаардык турларга жалпысынан 4 528 окуучу катышкан. Алардын ичинен жеңүүчү болгон 147 окуучу облустук олимпиадага жолдонмо алган. Сынакта жалпы 18 окуучу алдынкы орундарды багындырган.