ТОГУЗ-ТОРО: МУКТАЖ БОЛГОН ҮЙ БҮЛӨЛӨРГӨ КӨМҮР ТАРАТЫЛДЫ
Тогуз-Торо районунда Макмал Голд компаниясы райондогу беш айыл аймактагы муктаж үй бүлөлөргө 150 тонна көмүр таратты.Бул район калкынын социалдык абалына көмөк кылуу максатында, айрым муктаждыктарды жеңилдетүү вазыйпасында ишке ашырылганын уюштуруучулар билдиришти. Көмүр таратуу иш чарасына катышкан район акими Манас Мураталиев, жашоо шарты оор тургундар үй жылытууда күтүүсүз келген көмүр алардын үйүнө эле эмес, көңүлүнө да жылуулук тартууланганын айтып демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.
Жазгүл Машаева, “Акыйкат”, Тогуз-Торо району