Жаңыланган “Курманбек” стадиону ачылды

Жаңыланган “Курманбек” стадиону ачылды
Жаңыланган “Курманбек” стадиону ачылды

Кечээ, 15-май күнү, Жалал-Абад шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн  “Курманбек” стадиону пайдаланууга берилди. Анда алгачкы иш чара Кыргыз Республикасынын 1XBET Премьер-Лигасынын алкагында Жалал-Абаддын “Мурас  Юнайтед менен Бишкектин “Илбирс” футболдук командалары ортосунда мелдеш орун алды. Оюндун алдында белгилүү эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа өттү.

 

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти  Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме ишкана жетекчилери жана шаар тургундары катышты. Футболдук беттештин алдында Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, стадиондун шарттары Азия футбол конфедерациясынын эана Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берип, эл аралык расмий оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады.

 

Жалал-Абад шаарынын  «Мурас Юнайтед» футбол клубунун үй аренасы болуп эсептелинген «Курманбек» стадионунда гибриддик оюн талаасы, 5000 көрүүчү үчүн орундуктар жана жарык берүүчү шам-чырактары орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп түзөлдү. Аталган иштер Кыргыз футбол биримдиги жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын тарабынан аткарылды.

Аталган стадиондун дагы бир өзгөчөлүгү - Кыргызстанда биринчи жолу VAR-системасы орнотула турган арена болуп эсептелинет. 

Ал эми, орнотулган 1600 люкстук күчкө ээ болгон жарыктандыруу системасы мындан ары оюндарды кечки убакытта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. 

Учурда өлкө боюнча башка стадиондордо да оңдоп түзөө иштери улантылууда жана жыл аягына чейин бир катары жаңыланып, колдонууга берилет.

Эске салсак стадиондун ачылыш аземинен кийин Кыргыз Республикасынын 1XBET Премьер Лигасынын «Мурас Юнайтед» - «Илбирс» футболдук командалары беттешип жыйынтыгында жергиликтүү команда 3-1 эсебинде жеңишке жетти.

“Акыйкат”