Жалал-Абад: айдоочулардын жол бергилер боюнча билим деңгээли сыналды

Жалал-Абад: айдоочулардын жол бергилер боюнча билим деңгээли сыналды

Калаада өткөн иш чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Тынычбек Саидов, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Боенов катышты. Анда инспекторлор айдоочуларды токтотуп, базалык жол белгилерин сурап, адашкан же билбей калган айдоочуларга жол кыймылынын эрежерин камтыган китепчелерди тапшырышты. Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Садиевдин баамында унаа кырсыктары адаттагы эле эрежеге баш ийбегендиктен улам чыгат.

«Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда өткөрүлгөн акцияда жол эрежеси боюнча айдоочулардан сурамжылоо жүргүзүп, ошол эле учурда сентябрдан күчүнө кирчү жаңы эрежелер боюнча түшүндүрүү алып барып жатабыз. Көп учурда айдоочулар тараптан бул эреже жылуу кабыл алынып жатат. Биз тараптан да жол кырсыктарына анализ жасаганыбызда биз көрүп жүргөн, маани бербеген эрежелерден улам эле жол кырсыктары орун алып, тилекке каршы адам өмүрү кыйылган учурлар да болуп жатат»,-дейт ал.

Кошумчалай кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин одоно бузган айдоочулар токтотулуп, эрежелерди суроо процедурасы башталат. Бирок, бүгүнкү күндө коомчулукта ар кандай түшүнбөстүктөр орун алып, бул кадам коррупцияга жол ачат деген туура эмес ойлор айтылып жатат. Биринчи кезекте эреже бузган айдоочу суроого так жооп бере албай калган учурда гана сынак тапшыруу дайындалат. Мындай кадам өлкөдө жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталган. Ушул тапта “Унаа” мекемеси тарабынан сынактын механизмдери иштеплип жатат.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылдын 30-мартына чейин 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2000ден көп киши ар кандай жаракат алды.