Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы КРнын Сейсмология институтунуна таянып билдиргенине караганда, силкинүү кечээ 25-март күнү кечки саат 20:00дөр чамасында Ноокен районунун аймагында орун алган.

«Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 41° 02´с.ш.λ = 72° 17´в.д.) күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=9,5). Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында 4 балл, Кочкор-Ата шаарында, Момбеков, Курулуш, Сакалды айылдарында 3,5 балл, Шамалды-Сай шаарында, Масы, Кара-Булак, Кызыл-Туу айылдарында, Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон, Совет айылдарында 3 баллга_(Бүргөндү айылынан 4 чакырым түштүк-батышка, Момбеков айылынан 12 чакырым түшүк-батышка, Кочкор-Ата шаарынан 18 чакырым түштүк-батышка, Шамалды-Сай шаарынан 20 чакырым түштүк чыгышта)_ чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок»,-деп айтылат маалыматта.