Жалал-Абадда 23-28-май күндөрү жол кыймылын тескеген инспекторлор күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Баенов билдирди. Анын айтымында бөлүмдүн ички тескемесине ылайык жооптуу кызматкерлер бөлүнгөн.
«Бүгүн 23-майдан тарта биздин бөлүмдүн ички тескемесине ылайык дубандагы бардык район-шаарларга борбордук аппараттан кызматкерлер жооптуу болуп бөлүнүп, ошол аймакта күнү түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Анын негизги максаты алдыда келе жаткан акыкы коңгуроо аземдери жана 10 жылдык, 20 жылдык жолугушууларда ар кандай кырсыктардын алдын алууга багытталган. Кызматкерлер 5 күн бою күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат»,-деди ал.
Кошумчалай кетсек, 2024-2025-окуу жылында дубандагы 465 мектептен 11-классты 10миң 68 окуучу аяктаса, 9-классты 24 миң 118 окуучу аяктап жатат.