Жалал-Абадда чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн жаран кармалды

Жалал-Абадда чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн жаран кармалды

2025-жылдын 15-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлери тарабынан, коңшу өлкөнүн О. аттуу жараны, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүп Кыргыз Республкиасынын аймагында кылмыштарды жасап жүргөндүгү боюнча маалымат алынган.
Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө “О” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, 1992-ж.т. коңшу өлкөнүн жараны О. М. угли экендиги маалым болгон.
Жалал-Абад шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, бир айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.