Жалал-Абадда чет элден мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштыруу өнөктүгү башталды

Жалал-Абадда чет элден мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштыруу өнөктүгү башталды

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик

агенттигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Альберт Кожобергеновдин айтымында ушул тапта мындай унааларды каттоого даярдыктар көрүлгөн, бирок унаалар келе элек.

«Бүгүн 1-апреден тарта өлкөгө Абхазия, Армения жана башка өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды каттоо башталды. Анда чет өлкөлөрдүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Ал эми документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл. Чек арадан алып өткөндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген маалымкат, легалдаштыруу үчүн 100 миң сом төлөгөнү тууралуу дүмүрчөктү биздин “Унаа” мекемесине бериши зарыл. Мындай автоунааларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилет»,-деди Альберт Кожобергенов

Мындан сырткары ал, мыйзамдаштырылган унаанын ээлерине машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынаары тууралуу милдеттенме жазылып берилээрин кошумчалады.

Ал эми, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Жалал-Абад»

бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү

бөлүмүнүн башчысы Расул Маражаповдун билдиргенине караганда ушул тапта облус боюнча 149 Абхазия, Армения номерлүү унаалар айып короо жайларына токтотулганын билдирди.

«Былтыр 3-декабрдан тарта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын инспекторлору менен бирге Абхазия, Армения номерлүү унааларга рейд кылып жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин 149 унаа токтотулду, анын ичинен 122си Армения номерлүү, калганы Абхазия өлкөсүнө тиешелүү унаалар. Рейддер бүгүнкү күндө да улантылып келүүдө. Айып короо жайындо токтотулган унаалар суткасына 100 сомдон акы төлөшөт»,-деди Расул Маражапов.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааны ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жаткан.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-

декабрында Автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу боюнча чаралар

жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анда мыйзамдаштыруу иштери 3 этап менен жүргүзүлөт.

Министрлер кабинетине Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген

чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар жеке жактардын

автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу жол-жобосун эки айлык мөөнөттө

жөнгө салсын жана тиешелүү чечим кабыл алуу, чечимдин долбоору менен алты

айлык мөөнөттө легалдаштыруу жол-жобосун 3 этап менен жөнгө салуу

тапшырылды.

- 1-этап — укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын

легалдаштыруу;

- 2-этап — укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы

автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;

- 3-этап — укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын

ээлерине ээликтен ажыратууга мүмкүндүк берүү (запастык бөлүктөргө сатуу,

өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.).

2024-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы

Камчыбек Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген унааларды мыйзамдаштыруу боюнча пикирин билдирген.

«15 миңдей унаа экен. Алардын баары мыйзамсыз алынып келген. Унаа тетиги

катары алып келишкен. Башы бир унааныкы, ортосу экинчиники, аягы

башканыкы. 90 пайызынын документи жок.

Булар өкмөт баары бир мыйзамдаштырып берет деп жатышат. Мен тапшырма

бердим, мыйзамсыз алынып келген унаа көчөдө жүрбөшү керек. Себеби, ошолор

такси болуп, канчалаган адамдардын өмүрүн алып, ден соолугуна зыян келтирип

жатат.

Шашпаш керек. Биз аларды этап-этап менен мыйзамдаштырабыз. 1-этабында

кандайдыр бир документи барларды карап чыгалы деп жатабыз. Эч кандай

документи жок эле мыйзамдаштырып бер дешет. Кантип мыйзамдаштырабыз?

Экинчиден, техникалык абалы жакшыларын комиссия менен карап чыгабыз.

Анан мыйзамдашпай тургандары да бар. Аларды же тооккана кылышат же кайра

алып чыгып кетишет… Мен мыйзамды буза албайм.

Бажы кызматы "растаможкага" 5 миңден 12 миңге чейин төлөш керек деп

жатышат. Макул, аны эптеп кыскарталы. Бирок талкаланган унаалар бар. Аларды

мыйзамдаштыра албайбыз», - деген Ташиев

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик

агенттигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө 17 кызматкер эмгектенет. 2024-

жылы 10 миңден ашык жаранга айдоочулук күбөлүк берилип, 40 миңден ашуун

транспорт каражаты каталган.