Жалал-Абадда коопсуздук боюнча координациялык кеңешме өттү

Жалал-Абадда коопсуздук боюнча координациялык кеңешме өттү

Жалал-Абал облусунун аймагындагы коомдук коопсуздукту күчөтүү, укук бузуулардын алдын алууга багытталган координациялык кеңешме өттү.

Башкача айтканда облус аймагындагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар, балдар кылмыштуулугу, уурулукту болтурбоо, диний экстримизм, жол кырсыктарын алдын алуу ошондой эле  өзгөчө кырдаалдарды жоюу, сел ташкындарынын кесепеттерин жөнгө салуу, алдын алуу аракеттери жаатындагы бир катар маселер талкууланды.

Жыйында тийиштүү тармактар жыл башынан бери орун алган жагдайлар боюнча маалымат беришти. Анда айтылгандай адам укуктары боюнча кооптуу жагдайлар, жоол коопсуздугу, уурулук фактылары жана өзгөчө кырдаалдар боюнча айтылды. Буга карата алдын ала турчу коопсуздук чаралар өз учурунда аткарылышы керектиги облус жетекчилиги тарабынан баса белгиленди.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин жетекчилиги алдында өтүп, ага облустук укук коргоо органдарынын башчылары, район-шаарлардын, коомдук алдын алуу борборунун, айыл аймак жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Облус башчысы жергиликтүү бийлик жана тийиштүү тармактардын кызматкерлерине коомчулук арасындагы ар түрдүү терс көрүнүштөргө каршы өз убагында чара көрүү зарылдыгын эскертти. Облус аймагындагы мыйзамсыз салынган мечиттерди көзөмөлгө алуу, жол кырсыктарын болтурбоо боюча жеткиликтүү чараларды көрүүнү тапшырды.

"Акыйкат"