Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 2025-жылдын 7-апрелинде Ноокен районунун 34 жаштагы тургунунун жүрөгүнүн оң карынчасынын көңдөйүндө өлчөмү 6,5х10 см болгон шишик (миксома в полости правого желудочка) ийгиликтүү алынды. Аталган бейтаптын жүрөгүнүн оң карынчасынын дээрлик баарын шишик ээлеп калган.
Бул операцияны Кыргызстан медицина кызматкерлеринин ассоциациясынын
президенти, КРнын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор жана өлкөнүн башкы кардиохирургу Калдарбек Абдраманов тарабынан ийгиликтүү жасалды.
Кардиохирург бул операция анын кырк жылдык эмгек тажрыйбасында жана дүйнөлүк практикада сейрек кездешээрин белгиледи. Аталган бейтаптын азыркы абалы жакшы жана ооруканадан чыгарууга даярдалып жатканын айтты.
Калдарбек Абдраманов жүрөк ооруларынан жабыркаган түштүк аймагында 12 миңдей улгайган адам жана 4 миңге жакын балдар бар экенин айтып, 75 орундуу аталган илимий борбордо жылына 400гө жакын операция жасалаарын кошумчалады.