Жалал-Абадда жаңы шайланган депутаттар коалиция түзүп, төраганы шайлашты

Жалал-Абадда жаңы шайланган депутаттар коалиция түзүп, төраганы шайлашты

32 жаштагы Орозбек Турдубеков Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бүгүн, 28-ноябрда шаардык кеңештин 10-чакырылышынын депутаттары алгачкы сессияга чогулуп, аларга калаа башчысы Эрнисбек Ормоков мандаттарын тапшырды. Белгилүү болгондой, 41 депутаттын 12си аялдар.

Белгилүү болгондой, 17-ноябрда өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарындагы 89 миң 792 шайлоочунун 24 миң 655и катышып, добуштарын берди. Бул жалпы шайлоочулардын 27,5%ын түзөт. Саясий жарышка 3 партия ат салышкан. Алардын баары тең босоголук чектен өтүштү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен «Жаңы Кыргызстан саясий партиясы шайлоочуларын 48,52% добушун алып, 20 мандатка ээ болду. «Адилет» партиясы 40,67% добуш алып 17 мандатка жана «Эмгек» партиясы 9,67% добуш алып, 4 мандатка ээ болду.

Сессиянын жүрүшүндө 3 саясий партия тең коалицияга биригип, «Бек» деген аталыштагы фракция түзүштү. Анын жетекчиси катары Нуртилек Болотов (Жаңы Кыргызстан) дайындалды.

Шаардык кеңештин төрагасын шайлоого 41 депутаттын 40 катышты. Алардын 37си Орозбек Турдубековго добуш берсе, 3 эл өкүлү каршы добуштарын берди.

32 жаштагы Турдубеков Орозбек Турдубекович, кесиби боюнча экономист. Ал Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл Аралык университетинин экономика жана менеджмент адистигин аяктаган.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков