Жалал-Абадда жыл башынан бери каза болгон 11 кишинин сөөгүн коюу үчүн жөлөк пул чегерилген

Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адиси Давуд Саитов билдирди. Анын айтымында, адатта маркумдун жакындарына анын каза болгонун тастыктаган документтерди алып келүүдөн эринишет.
«Негизинен каза болгон кишини акыркы сапарга узатууда ага мамлекет тарабынан атайын акча каражаты бөлүнүп берилет. Быйылкы жылдын биринчи кварталында каза болгон 11 кишинин сөөгүн коюу үчүн жөлөк пул чегирип бердик. Сөөк жашыруу үчүн мамлекет тарабынан коюлуп берилген 3595 сом тариф бар.
Ал эми, былтыркы жылы жалпы 28 кишиге 94 миң 189 сом төлөп бергенбиз. Алардын ичинен 25и биздин бөлүмдө каттоодо туруп, жөлөк пул алгандар. Калган үчөөсү өмүрү эч жерде иштебей, социалдык төлөмдөрү жүргүзүлбөгөн кишилер экен. Алардын ар бирине мамлекет эсептеп берген 1438 сомдон төлөнүп берилди»,-дейт Д. Саитов.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында 2797 киши социалдык жөлөк пул алып, каттоодо турат.
Расымдык жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
- каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8 форма);
- каза болгон адамдын жана арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жеринен маалымкат;
- расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөт, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) арыз ээсинин фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сөөктү койгон фактыны тастыктаган маалымкаты;
- багуусундагылар үчүн - туулгандыгы тууралуу/никеси тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
- жер үлүшүн/участогун пайдаланууга/ижарага алуу укугуна күбөлүктүн көчүрмөсү;
- юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер, дыйкан чарба үчүн жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- патенттин негизинде иштеген жактар үчүн патенттин көчүрмөсү;
- дыйкан чарбанын уставынын көчүрмөсү;
- дыйкан чарбанын башчысынын дыйкан чарбага мүчө экендигин ырастаган маалымкаты;