“Жеңиш” эс алуу багындагы иретсиздик жоюлууда

“Жеңиш” эс алуу багындагы иретсиздик жоюлууда

Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында иретсиз жайгашкан күркөлөр алынып жатат. Бул туурасында мэриянын маалымат борбору кабарлады.  Маалымдалгандай аларды иретке келтирүү боюнча, буга чейин алынып жаткан күркөлөр жана башка буюмдардын ээлерине шаардык мэрия тарабынан эскертүүлөр берилген. Бирок айтылган талаптарды аткарбаган ишкерлер бүгүн ушундай жагдайга дуушар болушту.

Маалымат борбордун билдирүүсүндө айтылгандай Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков бир нече күн мурда  "Жеңиш" эс алуу багын тиешелүү жетекчилер менен кыдырып, соода күркөлөрүн, тез татым жайларын, оюн аттракциондорун иретке келтирүү, айланасын көрктөндүрүү жана заманбап шарттарды түзүү тапшырмасын берген.

Анын алкагында мэрдин орун басары Уларбек Исмаилов ижарачыларга жыйын өткөрүп, 3 күн ичинде атракциондордун айланасын, соода күркөлөрдү иретке келтирүү, санитардык абалын жакшыртуу, актап-сырдоо, жарыктандыруу иштерин жүргүзүү боюнча эскертүү берген.

Бирок айтылган талаптар ишке ашпай бүгүн, 25-март күнү аталган парктагы ижарачылардын соода күркөлөрү мэриянын тиешелүү мекемелери тарабынан алынып, паркты иретке келтирүү жумуштары башталды.

Калаа жетекчилиги бул сыяктуу тазалоо, иретке келтирүү иштерин мындан ары да улантат – деп айтылат маалыматта.