1000 тонналык мунай сактоочу резервуардан өрт чыгып, өз убагында өчүрүлдү
Атайын даярдыктагы машыгуу бүгүн Жалал-Абад шаарындагы “Байэл 3” нефтини кайра иштетүүчү заводунда орун алды. Бул туурасында облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан кабарлады. Маалымдалгандай кырсыкты жоюу аракетине 25 өрт өчүрүүчү жана куткаруучудан турган 4 бригадалык топ иш алып барган.
“Бүгүн план боюнча шаардагы “Байэл 3” мунайды кайра иштетүүчү заводунда өрт чыгып, саат 10:05те өрт өчүрүү кызматына чакыруу түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр 10:13тө чакыруу болгон аймакка келди, ага чейин заводдун кызматкерлери өрттү чектөөгө алып турушкан. Ал арада бир кызматкер жараат алган. Куткаруучулар ага биринчи медициналык жардамын көрсөтүштү. 1000 тонналык резервуардагы тилсиз жоо саат 11:00дө толугу менен өчүрүлүп,чектөөгө алынды. Машыгуунун жүрүшүндө өздүк курамдын жана завод ээлеринин кырсыкта кетирген кемчиликтерди жою аракети эскертилди”,-деди Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ӨӨжАА бөлүмчөсүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Азизбек Сатыбалдиев.
Жалпы аянты 2 гектарды ээлеген өндүрүштүк зона айына 30 тонна нефтини кайра иштетип чыгарат. Мындагы 12 резервуарда сакталган мунайдан АИ 92, АИ 80, дизелдик күйүүчү майы жана мазут иштелип чыгат. Мында 45 кызматкер эмгектенет.