Уулуу заттар көмүлгөн жайларды утилдештирүү долбоору

Уулуу заттар көмүлгөн жайларды утилдештирүү долбоору

Борбордук Азия мамлекеттеринде курамында  ДДТ 9(дуст)бар калдыктарды термикалык эмес ыкмалары менен жоготууну көрсөтүү долбоорунун” өкүлдөрү  Жалал-Абад журналисттери үчүн пресс-конференция жана пресс-тур уюштурду. Анын максаты Кыргызстанда эскирген жана туруктуу органикалык булгагычтардын (ТОБ) көйгөйүн чечүү жолдору жана ага багытталган долбоорлорду тааныштыруу.

Иш чара алгач пресс-конференция менен башталды. Анда,  «Борбордук Азия мамлекеттеринде курамында  ДДТ бар калдыктарды термикалык эмес ыкмалары менен жоготууну көрсөтүү» долбоору жөнүндө жана Сузак районунун аймагындагы Ак-Чабыр жер тилкесиндеги  көрүстөн туралуу маалымат берилди. Аны  Кыргыз Республикасынын  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын (ЖРЭТКМ ЖРБ) башчысы.  Савирбек Томаев айтып берди.

Савирбек Томаев маалымадагандай Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын аймагында жайгашкан Ак-Чабыр участкасында Союз маалында эскирген, колдонуудан алынган жана тыюу салынган уулуу химикаттарды көмүү иштери 1973-жылдан 1978-жылдарга чейин жүргүзүлгөн. Бөлүнгөн участканын аянты 0,9 ганы түзөт.

Аталган участкада сунушталган көмүү реестрине ылайык, эскилиги жеткен, органикалык булганууга туруктуу, мындайча айтканда биринчи класстагы коркунуч келтирүүчү токсин калдыктары пестициддер көмүлгөн. Бүгүнкү күнү ал жер талапка жооп бербегенине байланыштуу  башка жакка которуу боюнча  жана кошумча чараларды көрүү зарыл экендиги эскертилген. Эскилиги жеткен жана тыюу салынган пестициддерди көмүү “Айыл  чарба химиясы” тарабынан инженердик-геологиялык жана гидрологиялык изилдөөлөрсүз жүргүзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 201-р буйругу менен бекитилген. Бул буйруктун №17 пункту Кажы-Сай, Миң-Куш, Шекафтар, Майлуу-Суу, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын аймагында уран калдыктарын зянсыздандыруу жана Сузак айылынын аймагындагы ири көрүстөндөрдөгү эскирген пестициддерди жок кылуу максатын аныктайт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен кабыл алынган Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын № 825 пунктунда «Айлана-чөйрөгө химиялык заттардын чыгышын кыскартуу жана адамдын ден соолугуна терс таасирин азайтуу, Сузак-А ири резервуарынын аймагындагы эскирген пестициддерди сактоочу жайга экологиялык жактан коопсуз утилизациялоону жүргүзүү” жөнүндө талаптар коюлган.

Ал эми Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Атабек Матисаев экологиялык коопсуздук боюнча коомчулукка түшүндүрүү иш чаралары  жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Атабек Матисаевдин айтымында Жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлериин арасында туруктуу органикалык булгоочу заттардын жана эскирген пестициддердин адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасири, аталган заттарды колдонуудагы коркунучтар жана коопсуз эрежелери боюнча окутуу жүргүзүлдү. Аны менен катар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскирген пестициддердин көйгөйлөрү боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү жамааттар арасында маалымат таратылган.  

“Борбор Азия өлкөлөрүндө ДДт катыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” долбоорун журналисттерге тааныштаруу иш чарасынын экинчи бөлүгү зыяндуу заттар көмүлгөн жайга баруу менен уланды.

Кара-Алма-Үрүм баш токой чарбасынын Сузак токой бөлүмүнүн башчысы Абдилнасир Абдиллазов, Ак-Чабыр участкасындагы уулуу химиялык заттар көмүлгөн жай боюнча буларга токтолду:

  • Үрүм-баш токой чарбасынын Ак-Чабыр коктусундагы 1 гектарга жакын жерге 1973-1980 жылдар аралыгында 3000 тоннага жакын химиялык уулуу заттар көмүлгөн. Бирок анын айланасы коргондолуп тосулбагандыктан айрым жарандар көмүлгөн заттарды казып алышып, уулуу заттар салынган идиштерди пайдалануу максатында алышкан. Мындан улам ачылып калган жайда мал-жандыктар оттоп, натыйжада көп сандаган малдар өлгөн, кесепетинен ар кандай оорулар пайда болгон. Буга байланыштуу 2012-жылы атайын зым тосмо менен коргондолгон. Азыркы учурда аталган жай атайын кароолчунун көзөмөлүндө убагы-убагы менен кайтарылып турат.

         Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүк алгандан бери эл аралык жамааттардын шарттарына ылайык экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү глобалдуу маселе катары карап, аны чечкиндүү мүнөздө кароого активдүү катышууда. Атап айтканда кыргызстан Стокгольм конвенциясына кошулуусу. Иш жүзүнө ашыруу үчүн азыр Сузак-А сактагычындагы эскирген пестициддерди залалсыздандыруу же башка коопсуз жака чыгаруу планын ишке ашыруу үчүн ГЭФ/ЮНЕПтин “Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ (дуст) камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” аталган регионалдык долбоорду ишке ашырып жатат. 

"Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ катыган калдытктарды термикалык эмес кайра иштүүнү корсөтүү ГЭФ/ЮНЕПтин долбоорунун негизги максаты - Базель, Стокгольм конвенцияларынын талаптарына ылайык, коркунучтуу калдыктарды, анын ичинде ДДТ (дуст) жана башка туруктуу органикалык булганычтарды (ТОБ) экологиялык жактан таза башкаруу боюнча Кыргызстан менен Тажикистандын аймактык потенциялын камыздоо болуп саналат. Долбоор ишке ашырылып калса 5000 тонна табихий органикалык булганыч (ТОБ) утилдештирилип, аймактарда коркунучтуу калдыктарды жок кылуу мүмкүнчүлүгү бар ишканаларга лицензия берилет.

Адистердин айтымында долбоорду ишке ашыруу жана уулуу заттардан залалсыздандыруу иштери 2025-жылдын акырына чейин аягына чыгарылат.

“Акыйкат”