Абсаттар Сыргабаев Кара-Дарыядагы жээк бекемдөө иштеринен кабар алды
Жазгы жамгырлардын себебинен Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагынан агып өткөн суунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерге жана турак жайларга кооптуулук жаратты. Аймактагы кооптуулукту эске алуу менен дарыя нугун буруу максатында, ӨКМдин инженердик оор техникаларын тартуу тапшырмасы коюлган. Учурда жеринде 20 техника иш алып барып, жээк бекемдөө жумуштарын аткарууда.
Андагы жээк бекемдөө иштеринен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жерине барып кабар алды.
Облус башчы абалды көзөмөлгө алуу менен кооптуулукту жөнгө салуу, жумуштарды өз убагында аткаруу, сапатка көнүл буруу зарылдыгын эскертти.
Өзгөргөн аба-ырайына байланыштуу, Кара-Дарыя айыл аймагынын Арал айылындагы суунун нугун буруу үчүн убактылуу коюлган тосмолорду суу агызып, Бостон, Питомник, Аэропорт жана Кундузчу участкаларындагы 110 гектар эгин аянттарын суу алып, 200гө жакын турак жайга кооптуулук жаралган.
"Акыйкат" гезити