Абсаттар Сыргабаев Токтогулдагы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты

Абсаттар Сыргабаев Токтогулдагы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун Токтогул шаарындагы №7 “Манас” мектебине барды. Бул тууралуу облус башчынын маалымат катчысы Нурайым Турдумаматова кабарлады.

Маалымат катчы билдиргендей, облус башчы аталган мектептин эскилиги жеткен 155 орундуу кошумча имаратынын абалы менен таанышты. Абалды жеринен көргөн А.Сыргабаев имарат окуу жылы аяктаары менен буздурулуп, келээрки жылы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуштардын титулдук тизмесине кошуу сунушу берилээрин айтты. Окуучулар мектептин негизги корпусуна которулуп, билим алууну улунтышат. Ал эми, мектептин негизги имаратын да келээрки жылы капиталдык оңдоодон өткөрүү аракети көрүлөөрү кошумчаланды.

Токтогул шаарындагы №7 “Манас” мектеби 1976-жылы пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө анда 621 окуучу билим алат.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү райондун Абды Суеркулов айылындагы №27 Аманкан Мамыров орто мектебинин курулуш жумуштары менен да таанышты. Аталган мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, 275 орунга ылайыкталууда.