Ала-Бука: 1-Май айылында медициналык жаңы имарат курулду
Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) имараты курулуп, пайдаланууга берилди.
Аталган айылдагы муруңку ФАПтын эскилиги жетип жаңы медициналык имаратка муктаждык жаралган. Мындан улам жаңы фельдешрдик-акушердик пункттун имаратын куруу демилгеленип “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып жаңы имарат пайдаланууга берилди.
Аталган мекеменин ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.
Облус башчысы медициналык мекеме айыл тургундарынын ден соолугун сактоого көмөкчү болоорун белгиледи. Ага катар айыл жашоочуларына 2023-жылы облуста аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берип өттү.
Эскерте кетсек Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылында 3 миңден ашуун калк жашайт.
"Акыйкат" гезити