“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу М.Ахмедованын кайрылуусу жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXIV – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 3 – Т О К Т О М У 13-декбрь 2023-жыл
“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу М.Ахмедованын кайрылуусу жөнүндө”
“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу М.Ахмедованын таштандыларды ташып чыгаруу үчүн техникалык камсыздоого ошондой эле ишкананын чарбалык жумуштарын үзгүлтүккө учуратбоо максатында керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXIV – сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу М.Ахмедованын кайрылуусу эске алынсын.
- “Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына таштандыларды ташып чыгаруу үчүн техникалык камсыздоого ошондой эле ишкананын чарбалык жумуштарын үзгүлтүккө учуратбоо максатында жыл башында бюджет планынын дефициттине киргизилгенине байланыштуу каралган 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3.Жогоруда ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков