Быйыл эгемендүүлүк майрамы Жалал-Абадда өтөөрү күтүлүүдө

Быйыл эгемендүүлүк майрамы Жалал-Абадда өтөөрү күтүлүүдө

Өлкөнүн эгемендүүлүк майрамын Жалал-Абад облусунда өткөрүү планын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүү маселелери боюнча өткөргөн жыйында белгиледи.  Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, быйыл 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону Жалал-Абад облусунда өткөрүү пландаштырылган. 

Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды.   

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 30дан ашуун ишкана, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.  

Отурумдун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону жогорку деңгээлде өткөрүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго көмөк көрсөтүү, ошондой эле облустун социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүшүнүн башка маселелери боюнча бир катар тапшырмаларды берди.