БШК төрагасы Т. Шайназаровдун кайрылуусу
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров: Бүгүнкү күн тынч, уюшкандыкта өтүп, Кыргызстандын элинин ачык жана жоопкерчиликтүү тандоого умтулуусунун далили болуп калсын
Бүгүн, 30-ноябрда саат 8:00дө өлкө боюнча шайлоо участоктору ачылып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алкагында ишке киришти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өлкө боюнча добуш берүү башталгандыгына байланыштуу УТРКнын түз эфиринде брифингде сүйлөдү.
Ал республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу өз ишин баштаганын эске салды.
«Биздин өлкө тарыхында биринчи жолу алдын ала арыз бербестен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген аралыктан добуш берүү системасы колдонулууда», - деп белгиледи КР БШК төрагасы Т. Шайназаров.
Бүгүн негизги участоктор менен бирге эл көп топтолгон жана убактылуу жүргөн жерлерде - ири базарларда, соода борборлорунда, медициналык мекемелерде, ошондой эле алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда, анын ичинде Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй, Бозымчак жана башка объектилерде жайгашкан 27 аралыктан добуш берүү участкасы да ишин баштады.
Т. Шайназаров белгилегендей, мындай ыкма жолдо, жумушта, дарыланууда же кызмат өтөп жүргөн шайлоочуларга добуш берүүгө катышуу укугун пайдаланууга шарт түзөт. Бул шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана баардыгын камтууну жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам.
БШКнын Төрагасы белгилегендей, чет өлкөлөрдө добуш берүү да активдүү темп менен жүрүп жатат. Алгач Россия Федерациясынын Ыраакы Чыгышындагы шайлоо участоктору Бишкек убактысынан 6, 5, 4 саатка эрте иштей башташты.
Андан соң добуш берүү Чыгыш Азия өлкөлөрүндө – Японияда, Корея Республикасында, Кытайда, Малайзияда жана Монголияда башталды. Бул өлкөлөрдө убакыт айырмасы 2–3 саатты түзөт.
Айырмасы 1 саат болгон мамлекеттерде дагы добуш берүү активдүү жүрүүдө. Айрым өлкөлөрдө участоктор Бишкек убактысынан 3–4, 5–6 саат кеч ачылат, ал эми Түндүк Америка өлкөлөрүндө - 11, 12 жана 14 саатка чейин кеч ачылат.
БШКнын Төрагасынын маалыматына караганда, шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилди.
Кечээ, 29-ноябрда, ден соолугу, жаш курагы, мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүсү же башка жүйөлүү себептерден улам участокко келе албай турган жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү уюштурулду.
Т. Шайназаров келтирген маалыматтарга ылайык, 1 332 участкалык шайлоо комиссиясына 10 335 арыз келип түштү. Кечээ жайдан тышкары 9318 шайлоочу добуш берди. «Бардык жол-жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык так аткарылды», - деп баса белгиледи ал.
Т. Шайназаров белгилегендей, бүгүнкү күндө 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 460 талапкер катышууда, алардын ичинен 271и - эркек, 189у - аял.
«Бүгүн добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берилет. Шайлоочулардын катышуусу тууралуу ыкчам маалыматты БШК ар эки саат сайын түз эфирде жарыялап турат, ал эми расмий сайтта бул маалыматтар саат сайын жаңыланып турат», - деп билдирди БШКнын Төрагасы.
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 гө чейин иштейт.
Т. Шайназаров белгилегендей, быйыл шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чоң кадам жасалды – аралыктан добуш берүү участкаларынын аркасында дээрлик бардык кырдаалда добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
БШКнын төрагасы Т. Шайназаров шайлоочуларды өздөрүнүн конституциялык укугун пайдаланып, шайлоо участкаларына келип добуш берүүгө чакырды. “Өлкөбүздүн келечеги ар бирибиздин активдүүлүгүбүз жана жоопкерчилигибизден көз каранды”, - деп белгиледи ал.
БШКнын төрагасы дагы бир жолу «Бир шайлоочу - бир добуш» принцибин эске салып, бюллетенди туура эмес толтуруу анын жараксыз деп табылышына алып келээрин белгиледи.
БШКнын Төрагасы Т. Шайназаров бүгүнкү күн тынч, уюшкандыкта өтүп, Кыргызстандын элинин ачык жана жоопкерчиликтүү тандоого умтулуусунун далили болуп калсын деген каалоо менен сөзүн жыйынтыктады.