ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИЛИКТЕРДИН КҮМҮШ МЕДАЛДАРЫН ЖЕҢИШТИ

ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИЛИКТЕРДИН КҮМҮШ МЕДАЛДАРЫН ЖЕҢИШТИ

ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИЛИКТЕРДИН КҮМҮШ МЕДАЛДАРЫН ЖЕҢИШТИ

Бул тууралуу Жалал-Абад шаарындагы эл аралык университеттин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Алардын айтымында Орусиянын Казань шаарында 12-16-ноябрда өткөн 2004-2006-жылдары туулган жаштар арасында алыш күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги, ошондой эле 15-17 жаштагы улан-кыздар арасында алыш күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги болуп өттү. Мелдешке дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 320 спортчу катышты.Ага  К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) "Педагогика" багыты боюнча 4-курстун студенти Курбанбек кызы Феруза жаштар арасында 76 кг салмагында, ошондой эле Гуманитардык-экономикалык колледжинин "Башталгыч класстарда окутуу" адистиги боюнча 2-курсунун студенти Кожоярова Мадина кадеттер арасында 48 кг салмагында катышышып алар аталган мелдеште II орунду ээлеп, күмүш медалдары менен сыйланышты. 
“Кыздарыбызды аталган спорттук ийгиликтери менен куттуктайбыз, жаңы жеңиштерди каалайбыз”- деп жазылган маалыматта. 

“Акыйкат”