“Кардан шаар курулуп” Көк-Жаңгакта жаңы жыл майрамы белгиленди (фоторепортаж)

“Кардан шаар курулуп” Көк-Жаңгакта жаңы жыл майрамы белгиленди (фоторепортаж)

Калаадагы борбордук стадиондо уюштурулган майрамдык салтанатка шаар мэри Сыргак Замирбек уулу, мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. 
“Бүгүнкү күнү калаада жаңы жыл майрамын утурлай, стадиондо иш чара өткөрдүк. Мында концерттик программа менен катар бир канча улуттук спорттук оюндар, тагырагы аркан тартыш, кыргыз күрөш оюндары уюштурулган. Аны менен бирге жергиликтүү тургундар арасында кардан шаар куруу сынагы да уюштурулган, аны калыстар тобунун жыйынтыгы менен акчалай сыйлыктар жана белектерди тапшырдык. Майрамдык иш чара үчүн калаа бюджетинен 30 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди”,-дейт мэр С. Замирбек уулу. 
Мындан сырткары ал  демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бийиктиги 6 метр болгон балаты орнотулганын кошумчалады. 
Эске салсак, Көк-Жаңгак шаарында 15 миңдей какл жашайт.