2025-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Социалдык фонддун, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Жогорку соттун жана Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун негизги темасы – шайлоо күнү, шайлоо участогуна добуш берүүгө жеке келе албай турган айрым жарандардын укуктарын камсыздоо маселеси болду. Бул категорияга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана оор илдетке чалдыккан адамдар, ооруканаларда жана башка медициналык жайларда дарыланып жаткан бейтаптар, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, камакта отургандар, алыскы жана жетүү кыйын болгон аймактарда жашаган жарандар, ошондой эле үзгүлтүксүз иштеген ишканалардын кызматкерлери кирет.
Жыйындын соңунда, жарандар кайсыл жерде болсо ошол жерде эле добуш бере алышы үчүн аскер бөлүктөрүндө, медициналык жайларда жана жарандар көп топтолгон жерлерде шайлоо участкаларын ачуу чечими кабыл алынды. Алар ошондой эле, электрондук маалымат алмашууну өнүктүрүү жана ар бир шайлоочу өзүнүн добуш берүү укугун ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашты.
“Добуш берүү үчүн өзгөчө шарттарды талап кылган жарандардын шайлоо укугун коргоо – демократиялык шайлоолордун маанилүү кепилдиги болуп саналат. Ар бир жарандын добушу эсепке алынышы үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү”, – деп билдирди БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров.