Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Байзаков кызматтан бошотулду

Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Байзаков кызматтан бошотулду

 Мындай маалыматты шаардык мэриядан ырасташты. Белгилүү болгондой, тиешелүү буйрукка 17-апрель күнү шаар мэри Абдупата Макткаликов кол койгон. Ага анын өз каалоосу менен арыз жазганы себеп болгон.

“Жаңыдан дайындалчу жетекчинин талапкерлигин  Агартуу министрлиги көрсөтүп, мэрдин буйругу менен дайындалат”-,деди шаар мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Кубаныч Шерматов.

Жеңишбек Байзаков 2025-жылдын июнь айында Жалал-Абад шаардык (азыркы Манас шаарынын) билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган болчу. Буга чейин ал калаадагы Курманбек Баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейин жетектеп келген.

Кошумчалай кетсек, Манас шаарында 30 мектеп, 31 балдар бакчасы бар. Аларда 3200дөн ашуун билим берүү кызматкерлери эмгектенет.