Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, саламаттыкты сактоо тармагынын  кызматкерлерин кесиптик майрамы - Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов жана дубандагы медициналык мекемелерде эмгектенген дарыгерлер катышты.

Анда, облус башчынын орун басары Максат Сыдыков медицина кызматкерлерин куттуктап жатып, мамлекет башчысынын медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү чечими кабыл алындыгын белгилеп, бул аракет аймактардагы дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечип, медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртаарын кошумчалады.

Ошондой эле, дарыгерлерге облустук бийликтин, саламаттык сактоо министрлигинин төш белги, ардак грамоталары тапшырылды.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагындагы 432 саламаттыкты сактоо мекемелеринде жалпы 1 миң 582 дарыгер эмгектенээри айтылды.