Мендирман Элеманов  Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Мендирман Элеманов  Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Мендирман Элеманов  Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Жаңыдан кызматка киришкен  жетекчини  шаар мэри Абдупата Маткаликов билим берүү бөлүмүнүн аппаратына, мектеп директорлоруна жана бала бакчалардын жетекчилерине тааныштырды.

Буга чейин бул кызматты Жеңиш Байзаков жетектек келген. Ал быйыл 17-апрелде өз арызынын негизинде жумуштан бошотулган болчу.

Ал эми, жаңы дайындалган Мендирман Эламанов 2025-жылдан ушул мезгилге чейин Сузак райондук маданият бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Манас шаарында 30 мектеп, 31 бала бакча бар. Аларда 3200дөн ашуун билим

берүү кызматкери эмгектенет.  

 Резюме:

Аты-жөнү: Элеманов Мендирман Ысмаилович

Туулган жылы:  1974-жылы

Туулган жери:  Сузак району Көк-Арт айыл аймагы.

 Билими: жогорку, ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер факультети, адистиги англис тили мугалими

 Иш тажрыйбасы:

  • 2003–2004-жж. Жалал-Абад облустук аңчылыкты жөнгө салуу башкармалыгында инспектор;
  • 2005–2010-жж. Казакстан республикасынын Алматы шаарындагы №44 мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими;
  • 2010–2015-жж. Жалал-Абад шаарындагы Ж.Бакиев атындагы орто мектептин директору;
  • 2015-жылы - №16 Э.Арапбаев атындагы орто мектептин директору;
  • 2016-жылы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2016–2023-жж. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин башчысы;
  • 2023–2024-жж. Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү башчысы;
  • 2024–2025-жж. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2025-жылы. Сузак айыл өкмөтүнүн орун басары – жооптуу катчы;
  • 2025-жылдан азыркы учурга чейин Сузак райондук маданият бөлүмүнүн башчысы.