Облус башчысы Тилек Текебаев "Кең-Сай" көзөмөл өткөрүү пунктунда курулган туристтик объект менен таанышты

Облус башчысы Тилек Текебаев "Кең-Сай" көзөмөл өткөрүү пунктунда курулган туристтик объект менен таанышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы "Кең-Сай" көзөмөл өткөрүү пунктуна жанаша аймакта курулган туристтик боз үйлөр менен таанышып чыкты.

Аталган объект Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 24 миллион 620 миң сом акча каражатынын эсебинен ишке ашырылган. Долбоордун алкагында өткөрүү пунктуна жакын аймакка этностилдеги 5 боз үй курулган.

Иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы Тилек Текебаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аталган туристтик объекттин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, келген туристтер үчүн облустун туристтик жайлары тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын жана жергиликтүү продукцияларды сунуштоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле чек ара өткөрүү пунктунун айланасын дайыма таза кармоо жана аны тиешелүү деңгээлде көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертти.