Бүгүн Манас шаарындагы “Достук” эс алуу багында “Тынчтык багы” аталышындагы көчөт тигүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган акцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы Башкы консулу Роман Свистин, Ошто “Русский дом” уюмунун кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустагы диаспора мүчөлөрү, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы Тилек Текебаев “Тынчтык багы” акциясынын маанисине токтолуп, катышуучуларды куттуктады. Ал белгилегендей, көчөт отургузуу Улуу Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен окуясынын, Чернобыль апаатынын жана башка тарыхый сыноолордун катышуучуларына арналган жаңы эстелик аянтчасынын абатоо болуп саналаарын айтты. Ошондой эле тынчтык үчүн күрөшкөн ата-бабалардын эрдиги эч качан унутулбасын кошумчалады.
Андан соң, иш-чаранын катышуучулары эс алуу багына көчөттөрдү отургузуп, жерге ынтымак, биримдик жана тынчтык тилешти.
Белгилей кетсек, буга чейин шаардын “Жеңиш” эс алуу багында жайгашкан согуш ардагерлерине арналган эстеликтерди “Достук” эс алуу багына көчүрүү иштери башталган. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 10 млн сом каражат бөлүнгөн. Эстеликтерди орнотуу иштери 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына карата жыйынтыкталышы пландалууда.