Сак болуңуз, жаз-жайкы өрт кооптуу мезгили башталды

Жыл сайын апрель айынан баштап кышкы өрт кооптуу мезгил аяктап, жаз-жайкы өрт кооптуу мезгил башталат.
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан райондук, шаардык бөлүмдөрү менен биргеликте жаз-жайкы өрт кооптуу мезгилдин келиши менен турак жай секторунда, чарбалык обьектилерде, өзгөчө ачык аймактардагы, жол четтериндеги куураган чөптөрдө, таштанды таштоочу жайларда өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтөт.
Аткарылган иш-чараларга карабастан жыл башынан ушул күнгө чейин облус аймагында облус аймагында 146 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдөн келтирилген материалдык зыян 21 637 513 сомду түздү. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 91 260 000 сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 1,3% өсүп, өрттөн келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 28,9% азайган. Өрт кырсыктарынан 4 жаран каза болуп, 3 жаран жаракат алып, 3 автоунаа, 118 тн. тоют жабыркаган.
Ал эми, жыл башынан бери облус аймагында жол четтериндеги, ачык аймактардагы куураган чөптөрдө жана таштандыларда 18 жолу өрт кырсыктары катталып, жалпы 2,88 га аянттагы куураган чөптөр, камыштар өрттөнсө, таштандыларда 11 жолу өрт катталган. Маалымат иретинде өткөн 2024-жыл ичинде куураган чөптөрдө 148 өрт катталып, жалпы 954 га аянттагы куураган чөптөр жабыркаса, таштандыларда 57 өрт катталып, 3,5га аянттагы таштанды күйгөн.
Жыл сайын жаз мезгили жаан-чачындуу болуп, чөптөр өсүп, жайкы өрт кооптуу мезгилдин келиши менен жол четтериндеги, ачык аймактардагы, чарбалык обьектилердин аймагындагы, тоолордогу куураган чөптөрдө, токойлордо, талааларда катталуучу өрт кырсыктарынын күч алуусу күтүлөт. Жаз-жайкы өрт кооптуу мезгилде өрт кырсыктарын алдын алуу максатында башкармалык тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн облус аймагында жаз-жайкы өрт кооптуу мезгилде өрт коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча 2025-жылдын 9-апрелиндеги №21-т тескемеси чыгарылып, аткаруу үчүн тиешелүү тараптарга жөнөтүлгөн.
Урматтуу жарандар! Жаз-жайкы өрт кооптуу мезгилде негизинен өрт кырсыктары турак-жайларда, ачык аянттардагы, жол четтериндеги куураган чөптөрдө, таштандыларда катталат. Андыктан айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү учурунда өз аймактарыңыздарды отоо чөптөрдөн арылтып, таштандыларды өрт кооптуу жайларда өрттөбөөнү, жакындарыңыздын күнүмдүк турмушта өрт коопсуздук эрежелерин так сактоосуна көзөмөлдү күчөтүүнү эскертебиз.
Кайдыгер болбоңуз, тилсиз жоо аябайт.
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча
башкармалыгынын башчысынын орун басары
полковник Чынарбек Шекенов