Сузакта жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен 21 жаштагы айдоочу кармалды
Окуя, 11-январда орун алган. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн ырасташты.
«11-январь күнү болжол менен 21:10 чамасында Сузак районунда 1970-жылы туулган Б.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.
Аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары «Honda CR-V» үлгүсүндөгү унаанын 2004-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочусу кармалган.
Азыркы учурда унаа айып короо жайына токтотулуп, кылмышка шектүү жаран Сузак РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган.