Сузактын Багыш айыл аймагында жаңы жыл майрамын утурлай 80 балага белектер тапшырылды (сүрөт баян)
Мындай маалыматты айыл өкмөт башчы Нурсултан Түгөйбеков билдирди. Анын айтымында жеткинчектерге майрам уюштуруу үчүн бюджеттен 80 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
"Жаңы жыл майрамын өзгөчө жаш балдар күтөт эмеспи, мындан улам айыл аймактагы социалдык жактан коргоого алынган, ата-энесинен ажыраган, аз камсыз болгон жана мектепте мыкты окуган 80 окуучу үчүн балаты майрамын уюштурдук. Майрамдык концерт жомок каармандарынын коштоосунда өттү",-дейт айыл өкмөт башчы.














