Таш-Көмүр: жоголгон ӨКМдин кызматкеринин сөөгү 110 күндөн кийин табылды

Таш-Көмүрдө былтыр декабрда жайлоодо дайынсыз жоголгон ӨКМдин кызматкеринин сөөгү табылып, акыркы сапарга узатылды. Мындай маалыматты шаар тургуну Чыңгыз Урматаалиев билдирди. Анын айтымында, издөө иштерине 30дай киши тартылган.
«Былтыр 15-декабрда жергиликтүү тургун Дамир Молдодосов жайлоого жылкыларын айдап келүү үчүн кетип, дайыны чыкпай калган. Андан бери издөө иштери жүрүп, бирок табылган эмес. Жаз келип, кар ээригенден кийин жергиликтүү жашоочулар демилге көтөрүп, дем алыш күндөрү издегенбиз, маркум жоголгондон кийин дээрлик 3 ай 20 күндөн кийин табылып, кечээ 6-апрелде акыркы сапарга узатылды. Издөө иштерине 5 милиция кызматкери, 10 чакты жергиликтүү жашоочу жана ӨКМдин 14 кызматкери тартылды. Издөөнүн экинчи күнү жайлоодон 1 пачка туз жана марумдун тишинин протези табылды. Эртеси күнү жардан анын сөөгүн таптык. Мениче ал жардан кулап кеткен, себеби анын сөөгүнүн сол бутунун сөөгү сынып ажырап, баш сөөгүнүн оң тарабы жарылыптыр. Ошол замат сөөктү милиция кызматкерлери алып кетип, экспетиза дайындап, кечээ кепиндеп жерге бердик»,-дейт жергиликтүү тургун Ч. Урматаалиев.
Эске салсак, 43 жаштагы ӨКМдин кызматкери былтыр декабрда жоголгон. Ал 4 баланын атасы болчу.