Тилек Текебаев №2118 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Барпы айыл аймагында жайгашкан №2118 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл жарандарды шайлоо өнөктүгүнө жигердүү катышууга чакырып, ар бир добуш өлкөнүн келечегин аныктоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ошондой эле ал бул жолку шайлоодо аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү жарандар үчүн кошумча ыңгайлуулуктарды жаратып жатканын айтты.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 460 шайлоо участкасы даярдалган. Облус боюнча 796 миң 756 шайлоочу катталган. Саат 10:00гө карата 22 миңге жакын шайлоочу добуш берүүгө катышты.


