Жалал-Абад: облус жетекчиси Токтогул району, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын калкы менен жолугушуу өткөрөт

Жалал-Абад: облус жетекчиси Токтогул району, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын калкы менен жолугушуу өткөрөт

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиргендей жолугушуу ушул жылдын 25-26-март күндөрү өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев ушул жылдын 25-26-март күндөрү Токтогул району, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушат.

Бул аракет облус аймагындагы жарандардын жер-жерлердеги көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт.

Жолугушуу графиги:

-25-март, саат 10:00, Кара-Көл шаардык мэриясынын чоң жыйындар залы;

-25-март, саат 15:00, Токтогул шаардык Маданият үйү;

-26-март, саат 10:00, Таш-Көмүр шаарынын Маданият үйү.