Жалал-Абадда жумушсуз жүргөн жарандар үчүн 1700дөн ашуун бош ваканттар сунушталды

«Чоңдорго билим берүү» аталышындагы фестиваль калаадагы Б. Алыкулов атындагы драма-театрынын алдында Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган. Ага жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчү студенттери жана жумуш берүүчүлөр жана жумушсуз жарандар катышып, бир аянтчага чогулган. Башкармалыктын башчысы Назира Жакыпова бир жылда эки ирээт уюштурулган жарманкеде жүздөгөн кишилер жумуш таап жатышканын айтат.
«Бош жумуш орундар жарманкеси Жалал-Абад шаарында жаз жана күз айларында уюштурулуп турат. Алсак, өткөн жылы күзүндө уюштурулган саамалыкта иш издеген 200дөй киши жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүп, жумушка орношкон. Бүгүнкү күнү да 1700дөн ашык бош ваканттар сунушталып жатат. Анын миң иш оордун калаадагы кондитердик ишкана алып келген. Калганын кызмат көрсөтүү, тейлөө жана жеңил өнөр жай тармагында ишмердигин алып барган иш каналар сунуштап жатышат. Аны менен бирге бүгүн кесиби жок жарандар үчун атайын кыска мөөнөттүү окууга багытталган программа боюнча да маалыматтарды берип, каттап жатабыз. Иш чаранын максаты жумуш берүүчүлөр менен иш издеген тараптарды бир аянчага чогултуу болуп эсептелет»,-дейт Н. Жакыпова.
Мындан сырткары ал акыркы жылдары кесиби жок жумушсуз жарандарды окутуу боюнча алгылыктуу жумуштар жүрүп жатат, жыл башынан бери калаада 39 киши кыска мөөнөттү кесипке багыттаган окутуудан өткөрүлүп, сертификаттарын берип, жумушка орноштурганын кошумчалады.
Эске салсак, 1-апрелге карата Жалал-Абад шаарында расмий жумушу жок катары 150 киши каттоодо турат.