Жалал-Абаддагы жарылуу: бейтаптардын үчөөсү Ошко которулду

Жалал-Абаддагы жарылуу: бейтаптардын үчөөсү Ошко которулду

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук бейтапканасынын ыкчам тез жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Жанболот Сейдаев билдирди. Анын айтымында бейтапканада калгандардын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

«Бейтаптар кечээ 17:28де тез жардам менен жеткирилип келди. Бизге 5 бейтап, эркек кишилер келген. Алардын баары жарылуудан жапа чеккендиктен абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алардын ичинен абалы өтө оор делген үч бейтапты Ош облустук бейтапканасына котордук. Калган экөөсү дарыгерлердин көзөмөлүндө»,-дейт бөлүм башчы Жанболот Сейдаев.

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарындагы унаа оңдоочу жайлардын биринде газ баллон жарылып 6 адам бейтапканага жеткирилгенин арасында өспүрүм бала бар экени кабарланган.

Жабыркаган жарандардын аты жөнү:

1. 1983-жылы туулган Ө.К.М. (эркек киши), 2-даржадагы күйүк, 60-65%.

2. 1992-жылы туулган И.У.Н. (эркек киши), 2-даражадагы күйүк, 50%.

3. 1991-жылы туулган У.Г.Р. (эркек киши), 2-даражадагы күйүк, 30-35%.

4. 1992-жылы туулган К.Б.Ю. (эркек киши), 2-даражадагы күйүк, 40-45%.

5. 1988-жылы туулган Д.А.А. (эркек киши), 2-даражадагы күйүк, 40-45 %.

6. 2013-жылы туулган А.А. (эркек бала) денесинен 5-2 % күйүк алга

Эске салсак, өткөн жылы Жалал-Абад шаарында газ суу саткан күркөдө газ баллон жарылып, 17 жаштагы өспүрүм кыз мерт кеткен болчу.