Жалал-Абадка Германиядан туркомпаниялардын өкүлдөрү келди

Аларды Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги "Курманбек - кылымдар мурасы" триумфалдык аркасынан шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев тосуп алып, конокторго шаар тууралуу учкай маалымат берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга Германиянын туристтик компанияларынан жалпы 60 адам келген. Алардын 12си Жалал-Абаддын туристтик жайлары менен таанышууда.