Жаш мугалимдер арасында “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну өттү

Жаш мугалимдер арасында “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну өттү
 Манас шаарында өтүп жаткан “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун алкагында жаш мугалимдер арасында “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Манасбек Базылбеков, “Евразия” Кей Джи коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова, “Кыргызстан жаштар кыймылынын” өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана Манас шаарындагы 15 мектептин жаш мугалимдери катышты.
Аталган иш-чара жаш мугалимдердин интеллектуалдык дараметин, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жана кесиптик өсүүсүн колдоого багытталган аянтча болуп саналат.