Өрт коопсуздук эрежелерин сактайлы

Жаз келип күндүн ысый баштаганы шаар тургундары тарабынан короолорун жана мекемелердин кызматкерлери тарабынан мекемелердин айланасын тазалоо иштери күчөй баштады жана тазаланган калдыктарды күйгүзүп көзөмөлсүз калтыруудан өрт кырсыктары көбөйө баштады. Андыктан өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча төмөнкү эрежелерди сактоону эскертебиз.
-жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо, алардын ширенке менен ойноосуна жол
бербөө.
- Ишканалардын, уюмдардын, турак үйлөрдүн жана башка объектилердин аймагы, ошондой эле алардын айланасындагы аймак дайыма таза кармалууга жана системалуу түрдө өндүрүш калдыктарынан, күйө турган таштандылардан, түшкөн жалбырактардан жана кургак чөп-чардан тазаланууга тийиш. Кайра колдонууга болбой турган өндүрүш калдыктары менен ороп-таңгактоочу материалдар дайыма атайын бөлүнгөн жерге чыгарылып жана өз учурунда ташылып кетүүгө тийиш. Өндүрүштүк жана мекеме ишканалардын жеке турак үйлөрдүн аймагында таштанды чамындыларды өрттөөгө тыюу салынат.
Эскерте кетебиз, шаардык өрткө каршы кызматынын телефону «101» же “112”
Жалал –Абад шаары боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысы,
майор Айбек Иманов